Royal
SerepTV Logo

Футзал: Президенттик администрация менен "Спорттук федерациялар" командасы тең чыкты

Футзал: Президенттик администрация менен "Спорттук федерациялар" командасы тең чыкты
Бүгүн, 4-майда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. 1/4 финалдык беттеште президенттик администрация менен "Спорттук федерациялар" командасы оюн көрсөтүүдө. Оюндун башталарынан 1 мүнөт өткөндө эле "Спорттук федерациялар" командасы эсеп санын ачты. Ал эми оюндун 7-мүнөтүндө Садыр Жапаров эсеп сандарын теңеди. Канат Шабданбеков дагы бир гол жаратып, "Спорттук федерациялар" командасы алдыга чыкты. Бирок көп өтпөй эле Алмазбек Абытов 2-голду жаратуучу болуп, алмашууга кетти. Ошентип 1-тайм 2:2 эсеп сандары менен аяктады. 2-таймда бир да команда эсеп сандарын өзгөртө алган жок. Оюн 2:2 эсеп саны менен аяктады.