Эскертүү! Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"15-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт",- деп айтылат маалыматта.