Royal
SerepTV Logo

Эртең, 8-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 8-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 8-июнда күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34, Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +17…+19°, күндүз +32…+34 градус болот.