Royal
SerepTV Logo

Эртең, 5-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 5-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 5-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24, Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23, Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.