Royal
SerepTV Logo

Эртең, 22-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 22-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 22-майда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +15…+20; Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +13…+18; Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +17…+19 градус болот.