Royal
SerepTV Logo

Электрондук каттоо: 1-класска 59 миң 80 бала катталды

Электрондук каттоо: 1-класска 59 миң 80 бала катталды
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 29-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 59 миң 80 бала катталды. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ысык-Көл облусу: 5547 (жалпы квота – 13 миң 821) Жалал-Абад облусу: 11443 (жалпы квота – 34 миң 778) Нарын облусу: 3709 (жалпы квота – 7 миң 741) Баткен облусу: 6979 (жалпы квота – 16 миң 190) Ош облусу: 11550 (жалпы квота – 35 миң 785) Талас облусу: 3257 (жалпы квота – 6 миң 957) Чүй облусу: 8839 (жалпы квота – 31 миң 474) Бишкек шаары: 5957 (жалпы квота – 17 миң 908) Ош шаары: 1799 (жалпы квота – 11 миң 233) Бишкек шаары боюнча толгон мектептер: 1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси. 2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси. 3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси. 4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси. 5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.