Экс-депутат Рыскелди Момбеков: "Атамбаев абактан чыкканы жатат"
Экс-депутат Рыскелди Момбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышын күтүп жатканын соцтармактагы баракчасына жазып чыккан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги экс-депутат менен байланышканыбызда Атамбаевдин чыкканы жатканын айтты. "Алмазбек Атамбаев чыкканы жатат. Азыр чыга элек. Күтүп жатабыз", - деди ал.
Буга чейин Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн. Ал эми санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди.