Royal
SerepTV Logo

"Экөөнүн тең жубайлары кош бойлуу". Өзбек чек арачылардын огунан каза болгон ата небере күтүп жаткан

"Экөөнүн тең жубайлары кош бойлуу". Өзбек чек арачылардын огунан каза болгон ата небере күтүп жаткан
5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкан. Кесепетинен Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болгон. Кийинчерээк каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экени, тактап айтканда, ата жана анын эки уулу көз жумганы маалым болгон. Алардын сөөгү кечээ, 6-майда жерге берилди. "Турмуш" басылмасы маркумдардын жакындары менен сүйлөшүп, алардын абалын сурап-билген. 47 жаштагы маркумдун эжесинин айтымында, иниси өткөн жылдын ноябрь айында эки уулун үйлөнтүп, неберелерин күтүп жаткан. Анын артында дагы 2003 жана 2008-жылы туулган балдары калды. "Кечеги окуя кандай болгонун билбей калдык. Инилеримдин акыркы сапарга узатылганын келиндерим биле элек",- деди маркумдун эжеси.