Abank
SerepTV Logo

"Дордой" базарында 14 жаштагы Белек Өмүркулов дайынсыз жоголду

"Дордой" базарында 14 жаштагы Белек Өмүркулов дайынсыз жоголду
Кечээ, 3-сентябрда Бишкектеги "Дордой" базарында 14 жаштагы Өмүркулов Белек Аманович дайынсыз жоголду. Бул тууралуу анын таежеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Анын бою 152-155 сантиметр, арык чырай. Футболка, кепка кийип, окуу куралдары салынган рюкзак асынып жүргөн. "Ал айылдан жалгыз чыкчу эмес. Адамдар менен сүйлөшө бербейт", - дешти жакындары. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, баланын апасы 0508 07-75-25 Маринага же баланын таежеси  0702 08-80-35 Фаридага чалсаңар болот.