Abank
SerepTV Logo

Дмитриевкадагы атышууда брондолгон унаанын дөңгөлөгү жарылган. Тургундар алмаштырууга жардам беришти

Дмитриевкадагы атышууда брондолгон унаанын дөңгөлөгү жарылган. Тургундар алмаштырууга жардам беришти
Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу учурунда брондолгон унаанын дөңгөлөгү жарылган. Бул тууралуу жергиликтүү ЖКМлар жазды. Аны алмаштыруу иштерине жергиликтүү тургундар жардамга келишкен. Алар дөңгөлөктү алмаштырышкан. Бүгүн, 17-майда Ысык-Атадагы Дмитриевка айылында ок атышуу болгонун, анын үнү Кантка чейин жеткени маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги атышуудан күч органдарынын 2 кызматкери жаракат алганын билдирген. Кийин ИИМ маалымат таратып, террорист жок кылынганын жарыялады. Муфтият маалымат таратып, айылдагы медресе курчоого алынганын төгүнгө чыгарды.