Royal
SerepTV Logo

Депутат: "Бир үйдө 3-4 келин чогуу жашайт. Мунун кесепетинен суицид катталууда"

Депутат: "Бир үйдө 3-4 келин чогуу жашайт. Мунун кесепетинен суицид катталууда"
Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Чыңгыз Ажибаев өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган 3 жашар наристенин окуясы тууралуу жагдайды тактап, зөөкүр атаны жаза алышын талап кылды.
Ошондой эле, эл өкүлү Лейлекте өткөн жылы ондон ашуун кыз-келиндер өз өмүрүнө кол салган учурлар катталганын белгилеп, анын себеби – жерлердин трансформацияланбай, бир үйдө 3-4 келин жашаган кесепетинен чыгып жатканын белгилеп, маселени колго алууга чакырды.