Депутат Абакиров: "Бишкекте студенттик жол кире кайтарылышы керек"
Кечээ, 30-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров студенттер коомдук транспортто жана авиакаттамдарда жеңилдиктерди берүүнү суранып жатканын айтты. “Студенттик жол кире кайтарылышы керек, балким Бишкек мэриясы бул маселени чечип бериши мүмкүн”, - деди эл өкүлү.