Abank
SerepTV Logo

Даниель Ажиев 29-сентябрга чейин камакта болот

Даниель Ажиев 29-сентябрга чейин камакта болот
Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал 29-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармалат. Даниель Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.