Abank
SerepTV Logo

Былтыр июлда көлгө чөгүп кеткен Аишаны ата-энеси издөөнү улантууда

Былтыр июлда көлгө чөгүп кеткен Аишаны ата-энеси издөөнү улантууда
2022-жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны апасы менен атасы издөөнү улантууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги апасы менен байланышканыбызда маалым болду. "Издөөнү токтото элекпиз. Атасы экөөбүз издеп жатабыз. Табыла элек",- деди апасы. Өткөн жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан.