Abank
SerepTV Logo

Бүгүн, эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күндөрү. Аны кимдер тапшырышы керек?

Бүгүн, эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күндөрү. Аны кимдер тапшырышы керек?
Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00гө чейин кабыл алышат. Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; – менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар; – юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар; – мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери; – мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери; – эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар; – жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.