Бүгүн Бишкектеги "Ош базары" жабык болот
Бүгүн Бишкектеги "Ош базары" жабык болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, базардагы 31-январдагы санитардык күндү 26-январга жылдырышкан. Ошондуктан бүгүн базар жабык болот.
Буга чейин Кыргызстанга Өзбекстандын президентинин келери маалым болгон. Буга байланыштуу борбордук көчөлөр жабык болот жана окуучулар да онлайн окууга өткөрүлдү.