Royal
SerepTV Logo

Болот Темиров: "Абдыкадыр Хабибулланын учагы Кыргызстанга келип кеткен"

Болот Темиров: "Абдыкадыр Хабибулланын учагы Кыргызстанга келип кеткен"

Абдыкадыр Хабибулланын компаниясынын учагы Бишкекке келип кеткен. Бул тууралуу журналист Болот Темиров жазып чыкты.

"10-майда борт номери T7VIP1 болгон учак Бишкекке бир саатка учуп келген. Ал Дубайдан Бишкекке саат 19:15те конуп, 20:15те Бишкектен Алматыга учуп кеткен. Учактын сүрөтүнөн биз анын Hyper Partners компаниясына таандык экенин көрөбүз. OpenDemocracy басылмасынын иликтөөсүнөн биз компания Абдыкадыр Хабибуллага таандык экенин билдик. Дал ушул адам Раим Матраимов менен биргеликте Кыргызстандан акча чыгарып кетүү, аткезчилик боюнча журналисттердин көптөгөн иликтөөлөрүнө катышкан", - деп айтылат маалыматта.