Бишкектин троллейбус айдоочулары бүгүн ишке чыгышты
Бүгүн, 12-августта Бишкектин троллейбус айдоочулары ишке чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 11-августта Бишкектин троллейбус айдоочулары нааразычылыгын билдирип, иш ташташкан болчу.