Abank
SerepTV Logo

Бишкектин борбордук бөлүгүнөн дагы кайсы кичи автобустар чыгарылды? Тизме

Бишкектин борбордук бөлүгүнөн дагы кайсы кичи автобустар чыгарылды? Тизме
Бишкек шаарында кичи автобустарды шаардын борбордук бөлүгүнөн чыгаруу уланууда. 10-майдан тарта борбордук көчөлөрдү бошотуунун 2-этабы башталды.
Ахунбаев көчөсү – 7-апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси - Манас проспектиси менен чектелген алкактан чыгарыла турган каттамдар төмөнкүлөр: №138, 163, 192, 202, 207, 220. Жалпы пландык чыгуусу 159 даана кичи автобус.
1-этап 10-апрелде башталган. Ага ылайык, № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдардын кыймыл чиймеси аталган алкакка кирбей турган болуп өзгөргөн. Унаалардын жалпы саны 135 даана болчу.
Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 каттамдар.