Abank
SerepTV Logo

Бишкектиктер бүгүн соода борборлорунда кантты, кан басымын бекер өлчөтө алышат

Бишкектиктер бүгүн соода борборлорунда кантты, кан басымын бекер өлчөтө алышат
Эртең, 17-май Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнү. Ага байланыштуу бүгүн артериалдык гипертензия, аны менен байланышкан коркунуч факторлору, гипертониянын олуттуу татаалдыктары жана профилактикалык иш-чаралар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын алкагында саат 18:00гө чейин каалоочулар Бишкек шаарындагы "Азия молл", "Бишкек Парк", "Дордой Плаза" соода комплекстерине келип кан басымын, кантты өлчөө, спирометрия жүргүзүү иштерине катышып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын факторлорун аныктап алса болот.