Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги үчүнчү митинг: Жерлерди трансформациялоо жөнүндө жобону өзгөртүүнү талап кылышууда

Бишкектеги үчүнчү митинг: Жерлерди трансформациялоо жөнүндө жобону өзгөртүүнү талап кылышууда
Өкмөт үйүнүн алдында үч митинг өтүп жатат. Ал жерге чогулган 50дөй адам жерлерди трансформациялоо жөнүндө жобону өзгөртүүнү талап кылышууда. Чогулгандар президент Садыр Жапаров менен жолугууну талап кылышууда. «Жерге мунапыс берүү боюнча мыйзам 2022-жылдын февраль айында кабыл алынып, аны ишке ашыруу боюнча жобо иштелип чыккан. Ал жерлерди мыйзамдуу түрдө трансформация кылбайт. Эл жободогу пункттарды өзгөртүүнү талап кылууда. Алардын бири мөөнөттөрдү алып салуу, анткени трансформация эки жылдын ичинде болот деп жазылган. Бул жарандарга туура келбейт», - дешти алар.