Бишкектеги кассалык аппаратка каршы митинг. Чогулгандар Акылбек Жапаров менен жолугууну талап кылышууда
Бишкектеги кассалык аппаратка каршы митингге чогулгандардын саны көбөйүп жатат.
Спикерлер чогулгандарды тартипти сактоону жана провокацияга алдырбоону суранып жатышат. «Бизде эки гана өтүнүч бар - кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды жокко чыгаруу. Биз Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жеке жолугушууну талап кылабыз», - дешет митингчилер.