Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн каттоо залы 15-июнга чейин жабылды

Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн каттоо залы 15-июнга чейин жабылды
10-майда Бакыт өргөөсүнүн имаратында оңдоо иштери башталган. 15-майдан 15-июнга чейин никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу жабык болот. Бул тууралуу Санариктип өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.