Royal
SerepTV Logo

Бишкекте саясат таануучу Марат Казакпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте саясат таануучу Марат Казакпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Бишкекте саясат таануучу Марат Казакпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Казакпаев менен коштошууга анын жакын туугандары, достору, кесиптештери келишти. Саясат таануучу менен коштошууга келгендердин арасында экс-депутаттар Жылдызкан Жолдошова менен Равшан Жээнбеков да бар.

Марат Казакпаев 10-июнда эс-учуна келбей, ооруканада көз жумду. Ал өткөн жылдын апрель айында чыккынчылыкка шектелип кармалган болчу.