Royal
SerepTV Logo

Бишкекте кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат
Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучуларынын бири белгилегендей, алардын эки талабы бар: алар кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарууну талап кылышууда.

«Биз патенттик система боюнча ишти уланткыбыз келет, анткени товар акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин эсеп-фактура үч жолу тапшырылат», - деди ал. Ишкерлер бүгүнкү митингге Чүй облусунун ар кайсы райондорунан, ошондой эле Бишкектен келгендер көп экенин белгилешүүдө. Булар күркөлөрдүн жана чакан дүкөндөрдүн ээлери.