Royal
SerepTV Logo

Бишкекте февраль айынан бери дайынсыз болуп жаткан кыз табылып, ата-энесине тапшырылды

Бишкекте февраль айынан бери дайынсыз болуп жаткан кыз табылып, ата-энесине тапшырылды
Буга чейин дайынсыз болуп жаткан кыз Чүй облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 2-мартта Биринчи Май РИИБге кыздын апасы кайрылып, 2006-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, табууга жардам берүүнү суранган. Апасы кызы 28-февралда үйүнөн чыккан бойдон катып барбаганын билдирген. Милиция кызды таап, ата-энесине өткөрүп берген. Учурда бардык жагдайлар аныкталып жатат.