Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди
Октябрь РИИБдин кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-майда саат 16:30 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына 8 кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдында бала табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине кайгуулчулар барып, баланы Октябрь РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берген. Бир нече убакыттын ичинде ата-энеси табылып, өткөрүп берилди.