Abank
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы кыз аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы кыз аман-эсен табылды
Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 17 жаштагы кыз Бишкек шаарынын аймагында табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Ата-энеси менен милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.