Royal
SerepTV Logo

Бишкекте Адыл уулу Жолболсун изделип жатат. Аны акыркы жолу 23-мартта көрүшкөн

Бишкекте Адыл уулу Жолболсун изделип жатат. Аны акыркы жолу 23-мартта көрүшкөн
Милиция тарабынан дайынсыз болуп жаткан Адыл уулу Жолболсун изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган жигитти акыркы жолу 23-мартта "Айчүрөк" соода борборунан көрүшкөн. Азыркыга чейин анын жүргөн жери дайынсыз болууда. Факты каттоого алынган. Белгилери: бою 170-172 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө, көзү күрөң. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-19, 0 702 49-8888 номурларына кабарласаңыздар болот.