Abank
SerepTV Logo

"Бишкекте +21 градус". 26-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

"Бишкекте +21 градус". 26-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17… +22, Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +13…+18, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 11…+16. Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.