Бишкекте 17 жаштагы Адинай Асаналиева 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат
Бишкекте 17 жаштагы Адинай Асаналиева 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, Адинай Асаналиева 16-майда Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. Ошол бойдон телефону өчүк болуп жатканын айтышты.
Жашыл футболка, жынсы шым, бутуна ак бут кийим кийип жүргөн. Эгерде сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, +996 505 975 795, +996550888079 номурларына кайрылсаңыздар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="111237,111238,111239"]