Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм 9-кабаттан кулап, көз жумду
Бишкекте 14 жаштагы бала 9-кабаттан кулап түшүп, көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-майда саат 08:10 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги 9-кабаттан жаран кулап түшүп, мерт кеткенин билдиришкен. Жерине барган милиция каза болгон жарандын 2008-жылы туулгандыгын аныктаган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган.