Royal
SerepTV Logo

Ханайым Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо борборуна барды

Ханайым Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо борборуна барды
Бүгүн, 13-майда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Клиникалык төрөт үйүндө Энелер күнүнө карата ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында коопсуз эне болуу темасында оюндар жана викториналар өткөрүлдү. Борбордун адистеринин кабыл алуулары жана консультациялары да аялдар үчүн уюштурулган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="110217,110218"]