"Баягы жомок". Мадумаров ИИМден чыгып бара жатып комментарий берүүгө үлгүрдү
"Баягы жомок Баткен боюнча". Адахан Мадумаров ИИМден сотко чыгып бара жатып журналисттерге комментарий берүүгө үлгүрдү.
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалганы маалымдалды. Аны ИИМден сотко алып кетишип, бирок кандай себептен кармалганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.