Баткен округу: БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Бактияр Калпаевди депутат деп тааныды
3-майда Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 миң 379 шайлоочу киргизилген. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 талапкер катышты.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 1-майдагы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 28-апрелде 28 миң 508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 25,30% түздү.
Талапкерлер шайлоочулардлын төмөнкүдөй добуштарды алышты:
1. Салихов Кеңеш Каримович - 3698 добуш (12,9 %);
2. Мадалиев Асылбек Алтымышович - 3658 добуш (12,8 %);
3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич - 3614 добуш(12,6 %);
4. Ойтемиров Махмуд Гиесович - 1848 добуш(6,4 %);
5. Раимкулов Аширбай Омурзакович - 869 гдобуш (3,0 %);
6. Нишанбаев Тургунбай - 377 добуш (1,3 %);
7. Калпаев Бактыяр Алиевич - 11830 добуш(41,4 %);
8. Каработоев Джалил Исакович - 1180 добуш (4,1 %);
9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич - 725 добуш (2,5 %);
10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович - 398 добуш (1,4 %);
11. “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).