"Баланы урганга эч кимдин укугу жок". Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузактагы окуучунун сабалышы боюнча үн катты
Сузакта мугалим тарабынан ур-токмокко кабылган окуучунун окуясы боюнча Акыйкатчы Атыр Абрахматова соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катты.
"Урматтуу туугандар, элим! Качан токтолобуз? Бала, кичинекейлер, өспүрүмдөр буюм эмес, мал эмес, жеке менчик эмес, мүлк эмес. Эч кимдин баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок! Кордукта, укуктарын чектеп, тебелеп чоңойгон балдарыбыз кайтадан алсыз, умтулуусуз коом катмарын толуктайт, көздөрүндө, ойлорунда кыял, үмүт жок, адилетсиздиктин туңгуюгу гана болот. Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы тууралуу коллегаларым мектеп директору, кыздын ата-энеси, райондук милиция менен байланышка чыгып маалымат топтошту. Эртең районодон текшерүү барат экен", - деп жазды ал.
Ал ошондой эле учурда Азербайжанда экенин айтып, окуя боюнча бардык тараптан маалыматы бар экенин билдирди.
"Бардык тараптын маалыматын алдым. Ошондуктан орун басардын колу менен эртең Акыйкатчыдан талап жөнөтүлөт - мугалим жоопкерчиликке тартылыш керек. Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер - коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор. Мынчалык мыкаачылык мугалимден тарбияны, жашоого көз карашты калыптандырган, үлгүлүү болуучу адамдан болгону чыккынчылык", - деп жазды ал.