Abank
SerepTV Logo

Атамбаевдин кызы: "Атам бир азда үйгө келет. Апамдын эмоциясын сиздер элестете албайсыздар!"

Атамбаевдин кызы: "Атам бир азда үйгө келет. Апамдын эмоциясын сиздер элестете албайсыздар!"
Бүгүн, 14-февралда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Буга удаа эле санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. Мурдагы өлкө башчысын Кой-Ташта үй-бүлөсү тосуп алууга даярданып жатканы маалымдалды. Бул аралыкта мурдагы президенттин кызы Алия Шагиевда да Кой-Таштагы үйүнө бара жатышканын жазды. "Апамдын эмоциясын сиздер элестете албайсыздар! Атам бир азда үйгө келет! Муну биз канча жыл күттүк", - деп жазды ал.