"Ата-энем кыйнап турмушка бергени жатат". Ошто дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыз табылды
Ошто дайынсыз болуп жатат делген 18 жаштагы кыз табылып, апасына өткөрүп берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургуну 50 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 14-май күнү анын 18 жаштагы кызы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Ошол эле күнү анын арызы катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кыз ата-энеси мажбурлап турмушка берип жаткандыгын айтып, "Ак-Жүрөк" кризистик борборуна жардам сурап кайрылган. 19-май күнү "Ак-Жүрөк" кризистик борборунун юристи, адистин катышуусунда сурак кылган учурда, эч кимге арыз дооматы жок экендигин, өз каалоосу менен апасы менен чогуу кете турганын билдирип, тил кат жазып берген. "Учурда "турмушка эркине каршы бергени жатат" деп жазган арызы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.