Аскер бөлүктө аскердин сабалышы. ӨКМ башчысы жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин 86123 аскер бөлүк-Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборуна барып, өздүк курам менен жолукту. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган аскер бөлүктө мөөнөттүк аскер кызматын өтөп жаткан катардагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалганы боюнча, аскер бөлүктүн мөөнөттөгү аскер кызматкерлери, контракт кызматындагы сержант, прапорщик аскер кызматкерлери, аскер кызматындагы аялдар жана ошондой эле офицердик курам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары мындай иштер болбоосу үчүн алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды. Андан сырткары, анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жатаканасы, жоокерлер ашканасы, жоокерлер мончосу, азык-түлүк кампасы жана анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин тамактануусун жеке өзү текшерип чыкты.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерге чакырылган жоокер сабалганы маалым болгон. Окуя боюнча ӨКМден үн катышып, ички иликтөө жүргүзүлүп, иш Аскер прокуратурасына өткөнүн билдиришкен.