Royal
SerepTV Logo

Алай районунда 10 сантиметрге жеткен кар жаады

Алай районунда 10 сантиметрге жеткен кар жаады
Алай районуна караштуу Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда (170-250-чакырымдар аралыгы) жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн жерине Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен атайын техникалар тартылды.
4-июнга караган түнү жаап баштаган кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жетти. Азыркы тапта да күн бүркөө. Жолдор ачык, каттам бар. Жогоруда аталган тилкеде интернет байланышы жок болгондуктан кошумча маалымат жана видео материалдар берилет.