Abank
SerepTV Logo

“Ала-Тоо” аянтынын оңдоп-түзөөгө жабылышы. Ардак кароол эмне болот?

“Ала-Тоо” аянтынын оңдоп-түзөөгө жабылышы. Ардак кароол эмне болот?
Буга чейин Бишкек мэриясы маалымат таратып, бүгүн, 27-апрелде “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөгө жабыларын билдирген. Коргоо министрлиги тууну кайтарган Ардак кароолу убактылуу алынарын билдирди. “Эгемендүүлүгүктүн 33 жылдыгына карата 27-апрелден 31-августка чейин “Ала-Тоо” аянты масштабдуу реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылат, ошондуктан мамлекеттик тууну кайтаруу боюнча кызмат алып барган Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын Ардак кароолу убактылуу алынат. Архитекторлордун долбоору боюнча Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жаңы флагштоктун бийиктиги 100 метрди түзөт”, - дешти.