Royal
SerepTV Logo

Акыр-чикирге толгон Папан суу сактагычы. Кара-Суу акимчилиги ишти көзөмөлгө алганын айтты

Акыр-чикирге толгон Папан суу сактагычы. Кара-Суу акимчилиги ишти көзөмөлгө алганын айтты
Ош шаарынын тургундарын суу менен камсыз кылган Папан суу сактагычынын айланасындагы акыр-чикирлер тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Баяке уулу Болоткан маалымат берди. "Эртең менен социалдык тармактарга тараган видеону көрдүк. Муну акыркы күндөрү жааган жамгырдан, кокту-колоттон аккан суулардан улам болду деп түшүндүрүштү. Бул аймак Суу чарба департаментине карайт. Папан суу сактагычынын айлана-тегерегин тазалап, таштандылардан арылтуу ошолордун милдети. Суу чарба башкармалыгына тазалоо иштерин жүргүзүү тууралуу тапшырма берилди. Андан сырткары санитардык-эпидемиологиялык станцияга да жеринен барып, текшерүүгө алуу тапшырмасы коюлду. Албетте, бул ишти көзөмөлгө алабыз", - деп билдирди Баяке уулу Болоткан. Кечээ, 29-майда социалдык тармактарга Оштун тургундарын суу менен камсыз кылган Папан суу сактагычынын айлана-тегереги акыр-чикирге толуп калгандыгы тууралуу видео тараган.