Royal
SerepTV Logo

Акын, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду

Акын, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыкташты. Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган. 1966-жылы Сан-Таш орто мектебин аяктаган. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген. 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.