"Акылбек Жапаров жарым сааттан кийин келет". Кассалык аппаратка каршы чыккандардын алдына кеңешчиси чыкты
Бишкекте кассалык аппаратка каршы чыккандардын алдына Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев чыкты.
"Азыр келет. Жарым сааттан кийин келем деди. Тынчтык, сабырдуулук менен күтүп туралы. Силерге жолугуп, түшүндүрүп айтат азыр. ККМ боюнча эле айтыңыздар. Башка маселе көтөрүлбөсүн. Провокация кылгандар жүрөт", - деди ал.