Royal
SerepTV Logo

Акылбек Жапаров Германиядан Кыргызстанга кайтып келди

Акылбек Жапаров Германиядан Кыргызстанга кайтып келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга кайтып келди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинен тастыкташты. Ошондой эле анын кызматына киришкенин билдиришти. Бирок качан келгени айтылган жок. Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев анын эртеси күнү эле ооруканадан чыгарын айткан. Көп өтпөй анын дарыланууга Германияга учуп кеткени маалым болгон.