Royal
SerepTV Logo

"Айттап жүрүп кеч болуп кеткен". Караколдо Айт намазга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

"Айттап жүрүп кеч болуп кеткен". Караколдо Айт намазга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды
Караколдо Айт намазга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-май күнү Каракол ШИИБге жергиликтүү жаран кайрылып, 2-майда 2010-жылы туулган баласы Айт намазына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Маалымат ШИИБге катталып, издөө чаралары башталган. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 11 жаштагы бала аман-эсен Каракол шаарынын борборунда жайгашкан компьтердик клубдардын биринен ошол эле  күнү табылган. Табылган өспүрүм Айт күнү айттап кетип, кеч болуп кеткенинен үйүнө баргандан коркуп, компьютердик клубга барганын билдирген. Бала ата-энесине өткөрүп берилди. Ал эми копьтердик клубдун устүнөн тиешелүү чара көрүү үчүн балдар менен иштөө комиссиясына сунуш жиберилген.