Айдоочуларга эскертүү! 9-майда "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат
9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Иш-чара саат саат 9:00дө башталып, болжол менен саат 13:00гө чейин созулат. Андыктан төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылат.
- Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;
- Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү.