Айдоочулардын эсине! Эртең Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат
Эртең, 1-июнда Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Балдардын эл аралык коргоо күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чаралар учурунда төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
- Кең Чүй көчөсү Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Абдрахманов көчөсү кең Чүй көчөсүнөн түндүктү көздөй Михаил Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү чыгышты көздөй Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Майрамдык иш-чарага байланыштуу борбордук жана эски аянттар да саат 07:00дөн тартып, 12:00гө чейин жабык болот. Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жабылуучу көчөлөрдү эске алып, маршруттук кыймылды алдын ала пландоо менен кошумча башка жолдор менен жүрүп турууну сунуштайт.