Аида Салянова: "Кызым 6 жашта, чечимдердин 90 пайызын өзү кабыл алат"
Саясатчы Аида Салянова көкүрөк күчүгү Алика менен SuperTV каналына маек куруп, бала тарбиялоодогу сырларын бөлүштү.
"Ар бир ата-эне балам тил алчаак, каяша айтпаган бала болсо деп тилейт. Анан кайра эле баламдын өз ою болсо деп калат. Эгер бала болобу, кызбы, келечекте эрктүү болуп чоңоюшу керек десек, анда кенедейинен балага эркиндик беришибиз зарыл. Менин жеке пикиримде, балага 3 жаштан кийин тыюу салганды токтотуп, анын ою менен эсептешибиз кажет. Учурда мен деле андай нерсеге жетише элекмин. Бирок өзүмдүн үстүмдөн иштеп жатам. Кызым Алика азыр 6 жашта, эки айдан кийин 7ге чыгат. Өзүнө тиешелүү 90 пайыз чечимдерди өзү кабыл алат", - дейт Салянова.