Abank
SerepTV Logo

Адахан Мадумаров райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданды

Адахан Мадумаров райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров 29-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 30-апрелде “Азаттыктагы” маегинде айтты. “Мыйзамдар боюнча кийинки инстанцияга даттанууга 15-майга чейин Конституциялык, мыйзамдык укугубуз бар. Бул жерден талаш чыгарыштын кажети жок”, - деди ал.